Акжол Махмудов сый акысын кайда жумшарын айтып, трикосун аукционго койду

Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны, Олимпиада оюндарында күмүш медаль уткан Акжол Махмудов Instagram баракчасы аркылуу мамлекеттен алчу акчасын эмнеге жумшай турганын жазды.

Махмудов Олимпиадада алтын алуу жана муктаждарга жардам берүү анын бала кезден берки кыялы болгонун белгилеп, өзүнүн Олимпиадада кийген трикосун аукционго коюп жатканын да жазган.
“Бүгүн бала кездеги кыялымды ишке ашыруу үчүн кайрымдуулук ишмердүүлүгүмдө алгачкы кадамды баштап жатам. Азырынча Олимпиадага кийген кийимимди аукционго коюп гана ишти баштай алам. Кааласаңар ал жакка кол тамгамды калтырам. Андан түшкөн каражаттын баарын кайрымдуулук фондуна берем. Сураныч, мени колдоп бергиле! Жакын арада кайрымдуулук иштерин жасоого мындан да башка мүмкүнчүлүктөр пайда болот деп үмүттөнөм. Эгер аукционду Бишкек шаарынын тургуну утуп алса, кийимди өз колум менен тапшырам. Баштапкы баасы 50 доллар”, — деп жазган спортчу.

Ал аукцион август айынын аягына чейин (31-август 20:00) улана турганын айтып, бааларды посттун алдына жазса болорун кошумчалаган.

Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн чебери 22 жаштагы Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын финалына чыгып, күмүш медаль тагынган.

Кыргыз өкмөтү Олимпиададан байге алган спортчуларга жана анын устаттарына ири суммада сый акы берилерин убадалаган. Ага ылайык, күмүш медаль тагынган Акжол Махмудовго мамлекет 7 миллион сом берет. 

Булак: sputnik.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий