Активист Адилет Балтабаевге чечим чыкты

Бишкектин Биринчи Май райондук соту активист Адилет Балтабаевге карата чечим чыгарды.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Балтабаев КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү («Массалык баш аламандык») боюнча күнөөлүү деп табылып,  беш жылга эркинен ажыратылган жана   үч жылдык мөөнөткө пробацияга алынган.

Ал сот залында камактан Кыргызстандан чыгып кетпөө тил каты менен  бошотулган. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин баш коргоо чарасы жокко чыгарылат.

Эскерте кетсек, милиция Балтабаевди 30-июнда кармап, СИЗО-1ге киргизген болчу.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий