Акча окуучу менен бейтаптын артынан ээрчийт. Бийликтин 5 жылдык программасы

Президент Садыр Жапаров 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитти. Калың документ 91 беттен турат. Sputnik Кыргызстан программада камтылган маанилүү учурларды тизмектеди.

Материал эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө аткаруу бийлигин реформалоо, жакырчылыкты азайтуу, ГЭСтерди жана жолдорду куруу пландары тууралуу жазганбыз. Экинчи бөлүгүндө билим берүү, медицина, туризм тармактарын кантип өнүктүрүү каралганын баяндайбыз.

Кыргыз бийлиги билим берүү жакырчылыкты кыскартуунун жана экономикалык өсүштүн эң негизги шаймандарынын бири болорун белгилеп, бул тармакка көбүрөөк көңүл бурууга белсенип жатат. Мектептерде кыргыз элинин каада-салты, рухий адеп-ахлактык баалуулуктар мамлекеттик идеологиянын багыты болмокчу.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий