Атаандашынан башка тепки жеген ирандык спортчу кыз алтын медаль тагынды

Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында карате боюнча мелдеште Ирандын спортчусу Саджад Ганжадзе алтын медал алды.

Медал ага атаандашы – Сауд Арабиялык Тарег Хамеди тыюу салынган ыкманы колдонуп, башка тепкени үчүн оюндан четтетилгенинин натыйжасында берилди. Ага чейин Хамеди Ганжадзени 4:1 эсебинде утуп келе жаткан.

Башына тепки жеген ирандык спортчуну аренадан замбилге салып көтөрүп кетишти.

Ал эми карате боюнча Жапониянын спортчусу Рутаро Агара менен Түркиянын оюнчусу Угур Актас коло медал алышты. Карате Олимп оюндарынын тизмесине быйыл гана киргизилген. Бирок 2024-жылы Парижде өтүүчү Олимпиаданын күн тартибинде жок.

Белгилей кетсек, Токио Олимпиадасында Мээрим Жуманазарова 3-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта коло байге алган. Бул байге Олимпиада тарыхында эгемен Кыргызстан үчүн кыз-келиндер арасындагы алгачкы байге.

Ал эми 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова 4-августта күмүш байге алды. Бул байге дагы эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында жана кыз-келиндер күрөшүнөн алгачкы күмүш медаль.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюму (UWW) кыргызстандык спортчулар Айсулуу Тыныбекованы жана Мээрим Жуманазарованы “Тарых жаратуучулар” деп атаган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий