Атамбаев дарылануудан баш тартты

Экс -президент Алмазбек Атамбаев сунушталган ооруканага жаткыруудан жана стационардык дарылануудан баш тартты. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун буйругу менен Улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгерлеринин консультациясы өткөрүлгөн.

«Натыйжада, кардиолог жана терапевт экспертизаны ИК-47 шартында өткөрүүнү сунуштады. Учурда бейтаптын жалпы абалы канааттандырарлык, Алмазбек Атамбаев дарыгерлердин көзөмөлүндө калууда ”, — деп билдиришти Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий