Баткенде 8 жаштагы балага аскер кызматкери ок аткан

Баткенде 8 жаштагы бала октон жаракат алып ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 7-августта Баткен облусттук аймактык ооруканасына 2014-жылы туулган бала жаракат алып кайрылган. Оорукананын травматологу Икрамидин Зулпукаровдун айтымында, Калашников үлгүсүндөгү автоматтын огу баланын курсагынын өйдө тарабынан кирип, белинен чыгып кеткен.

 

– Өспүрүм бейтапкананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, эс-учун жоготкон жок. Травматолог жана хирургдардан түзүлгөн консилиумдун чечимине ылайык, өспүрүмгө алгачкы операция жасалды. Алдыда хирургдар диагностикалык операция жасоого камынышууда,  деди Зулпукаров.

Булак: КООМ ПРЕСС

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий