Бийлик Бишкек менен аймактарда көмүрдүн баасын бекитти. Канчадан ашпаш керек?

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргызстанда көмүрдүн баасын бекитти. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, өлкөдө көмүрдүн наркынын өсүү темпин кармап туруу үчүн өкмөттүн токтому чыккан. Ага ылайык, кара алтындын баасы 90 күн жөнгө салынат.

Мамлекеттик агенттик көмүрдүн бир килограммынын чекене баасын жана бир тонна кара алтындын баасын көрсөткөн. Нарк көмүр казып алынган жер менен райондон көз каранды.

Бишкектеги жана аймактардагы көмүрдүн баасы:

  • Бишкекте бир килограмм көмүрдүн баасы 5,8 сомдон ашпаш керек. Ал эми бир тоннасы 4 400-4500дөн кымбат сатылбашы керек;
  • Чүй облусу — бир килограммы 5,90 сом. Ал эми бир тоннасы 4 250-4 550 сом;
  • Ош жана Ош облусу — бир килограммы 6,8 сом болсо, бир тоннасы 5000-6000 сом;
  • Жалал-Абад облусу — бир килограммы 7 сом, ал эми тоннасы 4 500-6 500 сом;
  • Нарын облусу — бир килограммы 5 сом, ал эми бир тоннасы 2 400-4700 сомго чейин;
  • Ысык-Көл облусу — бир килограммы 7,5 сом, бир тоннасы 3 600-6 800 сом;
  • Талас облусу — бир килограммынын баасы азырынча көрсөтүлө элек. Ал эми бир тоннасы 5 100-6 500 сом;
  • Баткен облусу — бир килограммы 9 сом болсо, бир тоннасы 4 800-8 700 сомго чейин.

Шаар, райондордогу баалардын таблицасы менен Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин сайтынан тааныша аласыздар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий