Болот Назаров кармалды. Себеби…

Москва районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тоноо фактысына шектелген жаранды кармашканын Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

7-ноябрда милицияга Беловодское айылынын тургуну кайрылган. Анын айтымында, Чоң-Арык айылына жакын жердеги талаадан белгисиз адам 14 жаштагы уулунан сүрөткө түшүү үчүн ат сурап, кайтарбай минип  кеткен.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (каракчылык) негизинде козголгон кылмыш ишинин негизинде Москва районунун ИИБнин АИС ЭПКга катталган. Учурда кылмыш иши козголду.

9-ноябрда милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган, акын Болот Назаров кармалган. Ал ИВСке жайгаштырылды.

Учурда айгыр табылып,тергөө иштери  уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий