Бүгүн дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарованын сиңдиси Сезим күрөшөт

Кыргызстандык балбан кыз Сезим Жуманазарова бүгүн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында килемге чыгат. Мурдагы күнү тартылган чүчү кулактын жыйынтыгы менен ал баштапкы этапта швециялык Нелли Анна Регина Флорентин менен күч сынашат. Бул тууралуу sputnik.kg жазып чыкты.
Дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Башкыртстандын Уфа шаарында өтүп жатат. Сезим Жуманазарова 57 килограммда ат салышат. Белгилей кетсек, Сезим — Токио Олимпиадасынын коло медалын уткан Мээрим Жуманазарованын сиңдиси.

Ал эми кечээ 55 килограмм салмактагылардын арасында кыргызстандык балбан кыз Калмира Билимбек кызы финалга чыккан. Бүгүн ал дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн Беларустан келген Алеся Гетманова менен күрөшөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий