Жапаров Абу-Дабинин мураскер ханзаадасын Кыргызстанга чакырды

Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) өкмөттүк делегациясы Кыргызстан менен соода-экономикалык алаканы жакшыртуу жана кыргыз тараптын инвестициялык долбоорлору менен таанышуу максатында жакын арада келет. Бул маалыматты БАЭнин шейхи Мухаммед бин Заид бүгүн, 16-августта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда билдирди.

Сүйлөшүүдө тараптар соода-экономика жана инвестиция чөйрөсүндөгү кызматташууну өнүктүрүү, коронавируска каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулады.

Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы саясий кызматташтык туруктуу деңгээлде өнүгүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле, БАЭ менен эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүү жана достук мамилени чыңдоо максатында шейх Мухаммед бин Заидди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

“Мохаммед бин Заид Аль Нахаян жакын арада соода-экономикалык байланыштарды жолго коюу жана кыргыз тараптын инвестициялык долбоорлору менен таанышуу максатында Кыргызстанга делегация жиберерин айтты”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Бириккен Араб Эмирлигине расмий сапар менен акыркы ирет Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы декабрда барган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий