Жынысына кайнак суу куюп, жамбашына ысык калак басып мыкаачылык менен кордук көрсөткөн кылмыш иши

Жынысына кайнак суу куюп, жамбашына ысык калак басып мыкаачылык менен кордук көрсөткөн Жогорку сот Кочкор районунда өзгөчө мыкаачылык менен зомбулук көргөн эки тургундун кассациялык арызынын негизинде кылмыш ишти карап, өкүм кабыл алды.

Чечим 2022-жылдын 4-октябрында кабыл алынган. Акмат (аты өзгөртүлдү, М.Ж.) Нарын облусунун Жумгал районунда 1956-жылы туулган, билими орто, үй-бүлөлүү, убактылуу эч жерде иштебейт, мурда соттолгон. Кочкор районунун тургуну. Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Акмат 2022-жылдын 8-январында болжол менен саат 21:00 чамасында эки тургунду темир  калак менен ур-токмокко алган. Андан соң мешке от жагып, темир калакты ысытып, жабырлануучулардын жамбашына, ичине, буттарына баскан. Мындан сырткары, кайнаган сууну жыныс органдарына, жамбашка, ичине куюп, денелерине жаракат келтирген.

Натыйжада 1973-жылы туулган жабырлануучу  Г.К. анча оор эмес жаракат, 1975-жылы туулган жабырлануучу Ж.С оор жаракат алган.

Акмат Кочкор райондук сотунун 2022-жылдын 6-июнундагы өкүмү менен жалпы 7 жылга эркинен ажыратылы, жабырлануучулардын пайдасына 12000 сом өндүрүү жагы каралган.

Нарын облусттук сотуну жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча  соттук коллегиясынын 2022-жылдын 29-июлундагы өүмү менен Кочкор райондук сотунун 2022-жылдын 6-июнундагы өкүмү өзгөртүлүп, Акмат жабырлануучулар менен элдешүүгө  жетишкендиктен7 жаза өтөөдөн бошотулган.

Жогорку сотко жабырлануучулар Ж.С. менен Г.К. кассациялык арыз келтирип, анда Акмат бүгүнкү күнгө чейин алардын пайдасына өндүрулгөн  акчаны төлөбөгөнүн, аны  кечирбегенин көрсөтүшкөн. Мындан улам Кочкор райондук  сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү  иштер боюнча  соттук коллегиясынын 2022-жылдын 29-июлундагы өкүмүн жокко чыгарып берүүнү суранышкан.

Жыйынтыгында Акмат  тууралуу Нарын облусттук сотунун өкүмү күчүндө калды.

Жабырлануучулар Ж.С менен Г.К нын кассациялык арызы канаттандыруусуз калтырылды.

Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.

Булак: Turmush

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий