ИИМ укук коргоочу Азиза Абдирасулованын эмнеге кармалганын түшүндүрдү

Милиция укук коргоочу Азиза Абдирасулова укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбаганы үчүн камакка алынганын билдиришти.

Белгиленгендей, бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин имаратынын жанына онго жакын жаран чогулду. Алар Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгышкан.

Милиция Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 1-сентябрдагы чечимин эске салып, Максим Горький аянтынан башка райондо митинг, пикет, тынч жыйындарды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилген.

Буга байланыштуу милиция кызматкерлери чогулгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аймактан чыгып кетүүнү суранышкан.

«Бирок жаран А.А. милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей койгон. Түшүндүрүү иштерине карабай А.А. массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн тартуу менен бир кишилик пикет өткөрүп, муну менен соттун чечимин бузуп келген. Андан соң ал Бишкектин Биринчи Май райондук иштер башкармалыгына жеткирилди», – деп билдиришти милициядан.

Райондук милиция кызматкери тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси «Ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» боюнча мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, андан соң А.А. бошотулду.

Чогултулган материалдар маңызы боюнча процессуалдык чечим чыгаруу үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий