Казакстандагы аскердик машыгууга президент Токаев катышты

Казакстандын Алматы облусунун аймагында Ички иштер министрлигинин Улуттук гвардиясынын «Кайсар-2021» деген аталыштагы ыкчам-тактикалык жүрүштөрүн сынаган аскердик машыгууга президент Касым-Жомарт Токаев байкоо салды.

Маалыматка караганда, Казакстандын жогорку башкы кол башчысы, президент Токаев ички аскерлердин кризистик кырдаалдарды жөнгө салуу жөндөмүнө баа берди.

“Эл аралык абал курчуп турган маалда биздин күч түзүмдөрүбүз ыкчам мобилизациялоого даяр турганы оң. Биз коомчулукта Ооганстандагы кырдаалга тынчсызданган жагдайды байкап турабыз. Бул өлкөдө болуп жаткан окуялар Казакстанга түздөн-түз коркунуч жаратпайт. Бирок албетте, кандайдыр бир тобокелдиктер бар. Ошондуктан биз кандай гана чакырык болбосун ыкчам жооп кайтарууга даяр болуу үчүн кырдаалдын өзгөрүшүн кылдат байкап турушубуз зарыл”, – деди президент Токаев.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий