Кара-Көлдө бакка асынган жигит куткарылды

Кара-Көл шаарынын 26 жаштагы тургуну үйүнүн алдындагы даракка асынып алган жеринен милиция кызматкерлери тарабынан куткарылды.

Аталган окуя ушул жылдын 3-сентябрында болгон.

1995-жылы туулган К.К. окуя болгон күнү үйүндө жалгыз болгон. Өзүнүн айтымында, эмне кылып жатканын билген эмес.

«Өзүмдү жаман сезип жаткам. Дене табым көтөрүлүп, тарамышым тартышып, шок абалда болгом. Ошол маалда эмне кылып жатканымды деле билген жокмун. Көзүмдү ачсам ооруканада жатыптырмын. Дарыгерлер эмне болуп түшкөнүмдү айтты.

Буга чейин баш айланып жыгылып, демим кыстыгып калчумун. Мындай көрүнүш 2012-жылдан бери болуп келет. Ал эми бул кадамга биринчи ирет барып жатам. Учурда акыбалым жакшы, дарыланып жатам. Мага жардам берип, өмүрүмдү сактап калган милиция кызматкерлерине, дарыгерлерге ыраазымын. Чоң рахмат», – деди ал.

«Ошол күнү Бишкектен карындашы нөөмөт бөлүмүнө телефон чалып, бир тууган агасы үйүндө жалгыз жашарын, өз өмүрүнө кол салганын билдирген. Биз окуя болгон жерге дароо эле жетип бардык. Алгач даректи издедик. Бизге телефон чалган карындашы үйдүн дарегин так берген эмес экен. Анан биз болжолдуу үйдү карап баратып, баланын бакта асылып турганын көрдүк. Караңгы эле. Телефондун жарыгы менен бара жатканбыз. Анан түшүрдүк. Каза болуп калган го деп ойлогонбуз. Түшүргөндөн кийин жасалма дем алдырып, көкүрөгүнө, башына, буттарына укалоо жасап баштаганда бир аз үн чыккандай болду. Тез жардам чакырсак, алар башка жакка кеткен экен. Өзүбүз кызматтык унаа менен жандандыруу бөлүмүнө жеткирип, дарыгерлерге өткөрүп бердик. Анан бир суткадан кийин өзүнө келгенин билдик», – деди милиция кызматкерлери.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий