Кара- Сууда эс алып жүрүп баласынан ажырады

Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында 7 жаштагы бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, 6-сентябрь күнү саат 12:45 чамасында Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Төлөйкөн айылында жайгашкан «Бөрүбай-Ата» эс алуу жайында жаш бала сууга чөгүп кеткени тууралуу кабар келген.

«Аталган факт боюнча ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзгөн. Жыйынтыгында Ош шаарынын 2014-жылы туулган тургуну А.А. “Бөрүбай-Ата” эс алуу жайына апасы менен барып, сууга түшүп жүрүп чөгүп кеткени аныкталды. Бул иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, тийиштүү экспертизалар дайындалды», – деп айтылат маалыматта.

Ал эми бассейндин ээсине да эскертүү берилип, териштирүү иштери жүрүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий