Кашык менен туннель казып…

Израиль бийлиги Гильбоа түрмөсүнөн качып кеткен алты палестиналык туткунду издеп жатат. Бул тууралуу маалыматты  чет өлкөлүк басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, соттолгондор бир нече  ай бою өздөрү  отурган камерадан  кашык менен өтмөк казып  чыгышкан.

Качкындардын арасында ” Аль- Акса бригадасынын ” лидери Захария  Збейди бар. Ал  бир нече Израиль жарандарын  өлтүргөн деп айыталган. Калган бешөө – “Ислам жихады” кыймылынын мүчөсү. Алардын баары өмүр бою түрмө жазасына кесилгендер.

“Шинь Бет ” коопсуздук  кызматы  алар  түрмөгө  мыйзамсыз киргизилген телефон аркылуу, тыштагы кишилер менен  байланышта болгон деп айтылууда. Туннелден  алыс эмес жерде туткундарды  автоунаа күтүп турганы болжолдонууда.

Ушул тапта Израилде, качкындарды кармоо операциясы жүрүп жатат.  Бийлик, алар Иорданияга өтүп кетиши мүмкүн деп кооптонуда. Себеби, казылган өтмөк  Иорданиянын чек арасынан алыс эмес жерде жайгашкан.

ХАМАС өкүлдөрү  туткундардыне качышын “чоң жеңиш” деп маалымдады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий