Ковид-19 дагы 341 адамдан аныкталды

Кыргызстанда 17-августка карата коронавирус дагы 341 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, анын ичинде Бишкек шаарында — 151, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 93, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 15, нарын облусу — 11, Ысык-Көл облусунда — 29, Жалал-Абад облусунда — 22, Баткен облусунда — 16 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 656 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 202, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 59, Ош облусунда — 17, Талас облусунда — 17, Нарын облусунда — 21, Ысык-Көл облусунда — 91, Жалал-Абад облусунда — 82, Баткен облусунда — 69 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 3, Чүй облусунда 2, Чүй облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 920 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 67 адам дарыланууда.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий