Кошуна аялды өлтүрүп койду

Кошуна аялды уруша кеткени үчүн уруп өлтүрүп койду. Бул тууралуу Октябрь районунун ИИБ билдирди.
Маалыматта, тез жардам кызматкерлери, оор абалда тепки жеген аялды 4- шаардык ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер аялдын кабыргалары сынып, башынан жабык жаракат алып мээси катуу чайкалганын билдиришкен. Ооруканада 1981-жылкы аял эс учун жоготкон бойдон каза болуп калган. Көп өтпөй аял жашаган көп кабаттуу үйдүн жашоочусу 1971-жылкы жаран болуп чыкты. Учурда убактылуу камоочу жайга киргизилип, сотко чейинки тергөө иштери башталды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий