Кыргызстандын футболчулары Азия кубогуна даярданышат

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасы Бишкектеги борбордук стадиондо оюн өткөрөт. Бул тууралуу өлкөнүн Футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө таянсак, башкы команда Азия кубогу-2023 мелдешине даярдыктын алкагында өз үйүндө жолдоштук беттештерди өткөрөт.

“Улуттук курама команда узак тыныгуудан кийин өз аренасына кайтып келет. Азия кубогу-2023 тандап алуу оюндарына даярдык көрүү үчүн улуттук курама бир нече жолдоштук беттештерди өткөрөт. Биринчи беттеш Палестина улуттук курамасы менен болот”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, оюн 2-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Эске салсак, Кыргызстан өз талаасында акыркы расмий беттешин 2019-жылдын 19-ноябрында Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Тажикстандын курама командасы менен өткөргөн. Беттеш 1:1 менен аяктаган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий