Күрөш федерациясы: балбандардын спорт комплекси, машыгуучу жайы жок

Мамлекет тарабынан балбандарга жетиштүү көңүл бурулбай жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш боюнча федерациясы Токиодо өткөн Олимп оюндарынан кийин атайын билдирүү таратты.

“Кыргызстан балбандардан алтын күттү. Бирок бул үчүн эмне жасады?”, – деп суроо салган федерация.

Кыргызстандык балбандардын спорт комплекси, машыгуучу жайы жок экени, курама команда жеке залдарды ижарага алып машыгып жатканы айтылат.

  • Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында спорт интернаты салынган эмес.
  • Федерация машыктыруучулардын айлыгы аз экенин, кадеттер турнирлерге барыш үчүн демөөрчү издөөгө мажбур экенин белгилеген.
  •  Олимп оюндарында 5-7-орунду алган спортчулар үчүн сыйлыктар алынып салынганына нааразычылыгын билдирип, коло байге үчүн күч сынашып утулуп калган Айпери Медет кызы татыктуу күрөшүп, дүйнөдө бешинчи болгон.
  • Федерация тараткан билдирүүгө ылайык Олимпиадага узаткан салтанаттуу аземге балбандар башында чакырылбай калган.
  • Эл аралык деңгээлдеги чемпионаттарды өткөрүү үчүн Кыргызстанда стандартка жооп берген спорт сарайы жок экени, 2018-жылы Бишкекте өткөрүлгөн күрөш боюнча дүйнө чемпионаты үчүн ири өлчөмдө айып салынган.

Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышып, 3 спортчу ийгилик жаратты. Балбандар Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбековакүмүш, Мээрим Жуманазарова коло медал алды.

Дүйнөлүк рейтингде грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов 2-орунга чыкты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий