Мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасы рекорддук көрсөткүчкө жетти

Кыргызстанга быйылкы жарым жылдыкта чет жактан 1 миллиард 253,2 миллион доллар которулду. Бул туурасында Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, анда жеке тараптар акча которуу системасы аркылуу гана жөнөткөн каражат эсептелген.

Жыл башынан берки маалыматтар 2020-жылдын ушул мезгилине (кашаанын ичинде) салыштырылган:

  • январь — 151,5 миллион доллар (3 миллионго көп);
  • февраль — 177,1 миллион (12 миллионго көп);
  • март — 214,3 миллион (70,3 миллионго көп);
  • апрель — 216,3 миллион (139,9 миллионго көп);
  • май — 227,2 миллион (61,9 миллионго көп);
  • июнь — 266,9 миллион (11 миллионго аз).

Ошондой эле акча которуулардын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу июнда дагы солгундаганын байкоого болот. Бирок ага карабай жалпы алты айлык көрсөткүч рекорд жаратты.

Белгилей кетсек, былтыр пандемияга байланыштуу акча которуунун көлөмү кескин азайып кеткен. Мындай айырма апрель айында өтө чоң болгон. Азыркы тапта өнөктөш мамлекеттерде бир топ карантиндик чектөөлөр алынды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий