Орусия Кыргызстанга салыкты фискалдаштыруу жабдууларын алып берди

Cалык кызматы Россиядан кайтарымсыз техникалык жардамдын алкагында жабдуулардын биринчи партиясын алды. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Салык кызматына маалыматтык база сервери, фискалдык маалыматтарды сактоо жана иштеп чыгуу, аналитикалык система жана тиркемелердин сервери өткөрүлүп берилди.

Мындан сырткары, жакынкы арада эсеп-кысап инфраструктурасын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон жабдууларды, ошондой эле ККМди башкаруу системасынын пилоттук долбоорун жүргүзүү үчүн контролдук-кассалык машиналардын үлгүлөрүн жеткирүү пландалууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Россия өкмөттөрүнүн ортосунда КРде салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында акысыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий