Ошто, 18 жаштагы баланын унаасынан баңгизат табылды

 Ош шаарында 18 жаштагы жигиттин унаасынан баңгизат табылды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 26-ноябрда Ош ШИИБге Жалал-Абад облусунун аймагынан Ош шаарына М. аттуу жигит баңгизат ташып жүргөнү боюнча билдирүү келип түшкөн. Бул факт, чогултулган иш кагаздар ошол эле күнү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 283-беренеси (баңгизатты сактоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Ноокен районунун 2003-жылы туулган тургуну М.М.З. экени аныкталып, «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаасы тинтүүгө алынган. Жыйынтыгында баштыкка оролгон жашыл чөп сымал, кычкыл жыты бар 8 даана зат табылып алынган. Аны таразага тарткан учурда жалпы салмагы 3 кг 588 грамм экени аныкталды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий