Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын ардагери, милициянын отставкадагы полковниги Каныбек Кудайбердиев көз жумду.
Маалым болгондой, ал 62 жашта болчу. Бүгүн, 26-январда аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.
Каныбек Кудайбердиев 1960-жылы 9-апрель күнү Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылында төрөлгөн. Ал милициянын катарына 1982-жылы кабыл алынып, тергөө кызматтарында үзүрлүү эмгектенип келген. Баткен ОИИБдин коомдук коопсуздук бөлүмүн жетектеп, 55 жашында ардактуу эс алууга чыккан.