Президент Садыр Жапаров сегиз өлкөнүн жаңы элчилерин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-августта, сегиз өлкөнүн жаңы элчилери менен жолугуп, ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-августта, сегиз өлкөнүн жаңы элчилери менен жолугуп, ишеним грамоталарын кабыл алды.

  • Нгуен Тхи Хонг Оань — Вьетнам элчиси;
  • Маналь Аль Сайед Яхья Аль Шиннави — Египет элчиси;
  • Мохан Виджевикрама — Шри-Ланка элчиси;
  • Рубем Антонио Корреа Брбоза — Бразилия элчиси;
  • Вилли Кемпель — Австрия элчиси;
  • Аурни Тор Сигурдссон — Исландия элчиси;
  • Ким Хенг Меас — Камбоджа элчиси;
  • Мухаммад Тезикуба Кисамбира — Уганда элчиси.

Өлкө башчы элчилерди дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты жана ынтымакты арттырарына ишеним артаарын айтты.

“Биз сиздер өкүлү болгон өлкөлөр менен эки жана көп тараптуу өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдарбыз. Сиздердин алдыңыздарда саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташууну тереңдетүү сыяктуу маанилүү милдеттер турат. Ошол эле учурда сиздерге бул маанилүү жана жооптуу дипломатиялык ишмердүүлүгүңүздөрдө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенимди билдирип кетким келет”, — деди Жапаров

Ошону менен катар президент Садыр Жапаров элчилерге алардын маанилүү жана жооптуу дипломатиялык кызматында ийгиликтерди каалады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий