Садыр Жапаров туулган күнүн кантип тосот

Кыргыз Республикасынын президенти  Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда 53 жашка толду. Буга байланыштуу дүйнөдөгү лидерлер куттуктоо жолдоп жатышат.

Катчысы Эрбол Султанбаев бул күн президент үчүн кадимки иш күнү экенин билдирди.

«Мамлекет башчысынын бул күнү башка иш күндөрүнөн айырмаланбайт. Садыр Жапаров бул күндү иш ордунда өткөрөт. Пландаштырылган кеңешме жана жолугушуулар кадимки тартипте өтөт.

Кечинде туулган күнүн үй-бүлөсү менен бирге тар чөйрөдө белгилейт», – деди катчы.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий