Санрабия Сатыбалдиева: “Мен тергөө үчүн үн чыгарбай турам, чыккандан кийин барын айтам”

48 саатка камакка алынган кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева эч кимден акча опузалабаганын жана бул ишке Жогорку Кеңештин депутаты,УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шаирбек Ташиевдин тиешеси бар экенин айтып чыкты.
” Мен тергөө үчүн унчукпай турам, чыккандан кийин баарын айтам”,-  деди Сатыбалдиева.

Белгилей кетсек, буга чейин Ички иштер министрлиги кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева “акча талап кылуу” фактысын иликтөөнүн алкагында кармалганын кабарлаган.

“3-ноябрда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынан алардын 2016-2017-жылдардагы аудио жазууларды таратарын айтып акча талап кылып жүргөн бир катар адамдар 2 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. Негизги кылмышка шектүү “МИР24.кж” маалымат порталынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун пиар-менеджери С.С.К аттуу жаран. Бул ишке байланыштуу аталган маалымат порталдын оператору Б.у.К жана “Жорго-такси” компаниясынын айдоочусу М.М.Х кармалды. Кылмыш ишин тергөө уланып жатат”,-  деп айтылат маалыматта.

Санрабия Сатыбалдиева деген ким?

Санрабия Сатыбалдиева жаз айынан бери Бишкекте жашап, “Мир24” сайтында иштеп келет. Ага чейин Жалал-Абад шаарында “Аймак”, “Взгляд” гезиттеринде жана жеке менчик “Чолпон ТВ” телеканалдарында кабарчы болуп иштеген. Ал  социалдык тармактарда бийлик өкүлдөрүн сындаган билдирүүлөрдү жазып жүргөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий