Сот Темир Сариевди 30-ноябрга чейин абакта калтырды

Бишкек шаардык соту 12-октябрда мурдагы премьер-министр, “Кумтөр иши” боюнча камалган Темир Сариевдин бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сариевдин тарапташтары билдиришти. Бул күнү экс-премьер-министрдин 100гө жакын тарапташтары соттун имаратынын алдына чыгып, аны бошотууну талап кылышкан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-сентябрда Сариевдин бөгөт чарасын карап, 30-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында калтырган.

Кумтөр кениндеги жемкорлукка байланыштуу кармалган Сариев 3-августтан бери камакта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий