Транспорт министрлиги менен салыктын кызматкерлери кармалды

Экономика жана каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкерлери жана КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-декабрында УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргыз Республикасына керектөөчү товарларды импорттоодо коррупциялык схемаларды уюштуруу фактысы боюнча, КР Экономика жана каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкерлери, ошондой эле КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорттук көзөмөл пунктунун кызматкерлери кармалды.

«ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эл керектөөчү товарлардын “Ак-Тилек” салыктык каттоо пункту жана ушул эле аталыштагы транспорттук көзөмөл пункту аркылуу үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу үчүн акча каражаттарын алуу фактысы боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында, жогоруда аталган ведомстволордун төмөнкү кызматкерлери кармалып, жеткирилген, алардан маркаланган акча каражаттары түрүндөгү буюм далилдери табылган. Чүй, Талас жана Ош облустары боюнча ЕАЭБ алкагында салыктар менен иштөө боюнча Мамлекеттик салык кызматыны башкармалыгынын талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн башкы инспектору “М.Э.Х.”, андан жеке тинтүү учурунда 4 миң сом өлчөмүндөгү маркаланган акча каражаттары табылды. Мамлекеттик салык кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБ алкагындагы салыктар менен иштөө башкармалыгынын башкы инспектору “Д.А.А.”, андан жеке тинтүү учурунда 6 миң сом өлчөмүндөгү маркаланган акча каражаттары табылды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорттук көзөмөл кызматынын инспектору “А.Н.Т.”, андан жеке тинтүү учурунда 5 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылды, анын 1 миң сому маркаланган акча каражаты.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий