УКМК пара алып жаткан мамлекеттик кызматкерди кармады

Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Кечээ, 25-январда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн Ш.Э.М. аттуу жетектөөчү адиси пара алып жаткан жеринен кармалды.

Такталгандай, Ш.Э.М. КРнын жаранынын паспортун берүү маселесин чечип берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Х.Х.Х. аттуу жаранынан акча талап кылган.

Азыркы учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий