Укук коргоочу Азиза Абдирасулова милицияга чакырылды

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулова Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн башчысы Шумкарбек Сулайманов тарабынан 14-ноябрда, кечинде аңгемелешүүгө чакырылды. Бул тууралуу маалыматты укук коргоочу өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

” Мага болгон доомат, мен Фейсбукка аябай көп жазат экенмин. Азыраак жазыңыз, үчүнчү күчтөр пайдаланып кетишпесин деди. Азырынча бул маалыматтар жабык имиш.
Мен жарыялаган кайсы маалымат мыйзамсыз жана коркунучтуу экенин ачык айтпады. Аягында “Кемпир-Абад боюнча менин өз оюм бар, жетекчиңе ушуну айта бар дедим”, – деди укук коргоочу.

Мындан сырткары, укук коргоочу милиция караңгыда, көчөдө мындай аңгемелешүүгө эмне зарылдык болгонуна түшүнбөгөнүн, бул боюнча Ички иштер министрлигинен , Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен жана Башкы прокуратурадан түшүндүрмө күтөрүн кошумчалаган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий