Ысык-Атада 2 унаа кагышып, 2 адам ооруканага жеткирилди

Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айылында 2 унаа кагышып, 2 адам жабыр тартты. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында болгон. Аталган тилкеде «Лексус 470» жана «Фольксваген Гольф» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 2001-жылы туулган М.И. менен 2005-жылы туулган С.Н. жабыркады. Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркагандарды тез жардам кызматкерлери алып кетишкен.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий