Ысык-Көлдө кумдагы футбол мелдешине алгачкы жолу чет өлкөлүк команда катышат

Ысык-Көлдүн жээгинде кум үстүндөгү футбол боюнча Кыргызстандын кубогу мелдешинде Европа чемпиондор кубогунда ойногон “Арман” командасы катышат. Бул тууралуу өлкөнүн Футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.

“Беттештер Жети-Өгүз районунун Тосор айылында өтөт. Аталган мелдеш төртүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Бул жолкусунда Казакстандын 12 жолку чемпиону, Евразиялык лиганын жана Европа чемпиондор кубогунун катышуучусу “Арман” командасы катышат”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, турнир 2018-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл 20-23-августта өтөт. Анда Кыргызстандан Бишкек шаары, Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын, Жети-Өгүз районунун жана Казакстандын командалары ат салышат. ⠀

Эскерте кетсек, мелдешти өткөн жылы Ысык-Көлдүн “Жети-Өгүз” командасы жеңип алган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий