Эмилбек Каптагаев: “Бир жылкы эмес, миллиарддарды сугунуп алгандар деле жүрүшөт”

Саясатчы, коомдук ишмер Эмилбек Капгаев, ат уурдоого шектелип бир айга камакка алынган төкмө акын Болот Назаровдун камалышы боюнча Фейсбук баракчасына өзүнүн пикирин жазып калтырды. Ал  Назаровду “ат уурдады” деп камап коюш акылга сыйбаган нерсе деп эсептейт.

“Акын Болот Назаровду “ат уурдады” деп камап коюш акылга сыйбай турган, адамкерчиликке дагы, кыргыздын наркына дагы жатпай турган иш. Ат жоголгон жок, ээсинде эле турат, аттын ээсинин доосу жок болгондон кийин милиция, прокурор, соттун эмне акысы, эмне тиешеси бар экенин түшүнбөй башым маң… Бир айга камап алып эмнени сурап, эмнени тактаганы жатышат деги? Бир жылкы эмес, миллиарддарды сугунуп алгандар деле жүрүшөт го ээн-эркин эле кабагым-кашым дебей, сайраңдап… Акыркы күндөрдө аша чапкандык арбып бара жатканы өкүнүчтүү…”,-деп Каптагаев нааразычылык пикирин жазды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий