Эртеңден баштап күн сууктайт

Эртең, 4-декабрдан тартып Кыргызстанда абанын температурасы 8-10 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт. Бул тууралуу «АКИpress» агенттигине Кыргызгидрометтен билдиришти.

Синоптиктин айтымында, 2-декабрь күнү күндүз абанын температурасы +24 градуска чейин жылыган.

«Бүгүн абанын температурасы бир аз төмөндөгөнү байкалууда, бирок +20 градуска чейин жылып жатат. Эртеңден баштап абанын температурасы төмөндөшү күтүлүүдө, тактап айтканда күндүз +9… +14 градуска чейин жылуу болот», – деди синоптик.

Ал 8-9-декабрда аймактарда туруксуз аба ырайы күтүлөрүн кошумчалады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий