Азамат Дыйканбаев 2 айга камалды

Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары Азамат Дыйканбаев эки айга УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Бул тууралу Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Азамат Дыйканбаев 20-июлга чейин камакка алынган.

Кечээ, 20-майда УКМК өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев кармалгандыгын маалымдаган.Кийинчерээк Дыйканбаевдин ордуна президенттин жарлыгы менен Дастан Догоев дайындалганы белгилүү болгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий