Алтынбек Абдувапов МСК төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Алтынбек Абдувапов Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 14-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон, – деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 15-июнда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Салык кызматынын жамаатына жетекчинин жаңы орун басарын тааныштырды.

Жапаров Салык кызматынын алдында турган приоритеттүү милдеттерди, анын ичинде салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, салык жол-жоболорун андан ары санариптештирүү боюнча милдеттерди белгилеп, салыктык башкаруу системасында олуттуу реформалардын зарылдыгын көрсөттү. Ал ошондой эле салык төлөөдөн качкан ак ниетсиз салык төлөөчүлөрдү чечкиндүү түрдө аныктоого, контрафакттык алкоголдук жана тамеки продукциясын, башка акциздик товарларды сатуу, өндүрүү жана импорттоо менен күрөшүү боюнча зарыл чараларды көрүүгө чакырды.

Мариповдун башка буйругуна ылайык, Замирбек Мамытов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий