Аткезчиликти элдик кошуундар токтото алабы?

Премьер Улукбек Марипов мурдагы күнү – чек ара маселелери чечилмейинче, Тажикстан менен болгон мамлекеттик чек ара жабылат деп билдирди. Кечээ күнү «Манас» аэропортуна «Сомон-эйр» авиакомпаниясынын учагы конгон, анын ичинде 190го жакын тажик жараны болгон, алардын баары артка кетирилди. Майдын башында Баткенге келгенде, Марипов минтип айткан:

«Мен неге күйүп айттым, урматтуу туугандар? Бул водозабордун үстүндө Кайырма деген канал бар. Кайырма деген каналдын башы 3 куб. Бирок 1992-жылкы Алматыдагы келишим бузулуп, бизди укпай, ошол 3 кубду 23 кубка чейин чоңойткон 2016-жылы. Мен ошол жөнүндө айтканмын. Мен Баткенге күйүп айттым ошонучу… Головнойго менчелик күйгөн адам болсо, келсин ушул жерге, жооп берем баарына… Анан экинчи, дагы айтып коёюн – Головной эч качан берилбейт аларга».

Эки өлкө ортосундагы чек ара маселелери чечилбей жатканынын себептеринин бири – аткезчилик. Тымызын бизнес кана эмес, айрым мамлекеттик уюмдар дагы андан эбегейсиз пайда көрөт. Бирок жогорку деңгээлде, кабинетте кабыл алынган чечимди жер-жерлерде жүзөгө ашыруу оңой иш эмес, ошондуктан чек арага жакын жайгашкан айыл-кыштактарда пайда болгон элдик кошуундар бийликтин коргоосу алдында иштеп жатат деп божомолдосо болот.

Исфана шаарынын тургуну Алишер: Менин ысмым Алишер, Исфанадан болом. Мени кечирип койгула, башка мындай болбойт. Жүктү, товарымды өз колум менен күйгүзүп атам…

Элдик кошуун мүчөсү: Мына, жамаат! Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнөн Тажикстандан чыккан, чыгып баратып кармалган контрабанда жүзүндө, багажды элдик кошуун өрттөдү.

Соода-алака таза болгондо, мындай жапайы ыкманы колдонуунун кереги жок болот эле, бирок мындан туура бир ай мурда мамилелер чектен чыгып кеткен. Бир өлкөнүн мамлекеттик аскери чек араны бузуп, кошуна мамлекеттин аймагына кирип, ондогон карапайым адамды атып өлтүрүп, алардын үйлөрүн карактап-өрттөдү жана оор куралды пайдалануу менен аскерий бөлүктөрдүн имараттары да талкаланды.

«Башыбыз тормоз болуп калды туурасы. Шок болуп калдык. Даана айыл башчы келип – чыгың эле чыгың деп, ошолор алып кетти. Болбосо, менин чыккым келбеди ушул үйүмдөн. Ушул үйүмдү, жүрөгүм сезди – кетпе-кетпе деп. Анабы коңшумдун мышыгы ыйлай берди, ыйлай берди, эмне мынча ыйлайт десем – баласын жоготконго ыйлайт деп койду. Ошол сезген экен. Куштар-чымчыктар жаман көбөйдү. Неге көбөйдү экен деп койдум, ушунча чымчык келиптир деп койдум. Алар сезген экен».

Чек арага жакын айрым айылдарда кыргыздар тажиктер менен аралаш жашайт. Басып алынган айылдарда баскынчылар кыргыздардын үйлөрүн бульдозер менен түрттүрүп салганы жазылган видеолор бар. Жергиликтүү калк болсо – бул үйдү өрттөгүлө, тигиге тийбегиле деп баскынчыларга көрсөткөн жергиликтүү адамдар да болгонбу деп шектенет. Кокусунан чыккан жаңжалда андай болбойт эле.

«Карасак, үйлөр чекеден эле күйүп атат, бирок келе албадык. Солдаттар бизден 50 метр алдыда турат эле, просто бул жакка келишке мүмкүн болгон жок да. Ок жамгырдай келип турду. Карасак, ошо өздөрү чыгып келген экен да. Чыгып келип эле, каалаган үйдү өрттөп салыптыр. Мына бул үйдө – көрүнүп турат, бир тажиктин үйү турат… Вообще эчтеке кылган эмес», – дейт Максат айылынын тургуну Карим Коңурбаев

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев март айында – чек арадагы талаштуу жерлер такталмайынча деп, чек араны жабууга аракеттенген, бирок андан жыйынтык чыккан эмес. Эми премьердин деңгээлинде чечим кабыл алынып атат, андан жыйынтык чыгаар-чыкпасы азырынча белгисиз. Анткен менен, эми жер-жерлерде элдик кошуундар пайда болуп, жогору жакта кабыл алынган чечимди алар өз түшүнүгүнө жараша аткарууга аракеттенүүдө.

Бешкент айылынын тургуну Аким Рахимжанов: Атым Аким Рахимжанов, Бешкенттен болом. Кечээ шоколад алып келдим эле, келатып ошол 60 жылдыкка.

Суроо: Контрабанда. Айтиң, айтиң, айтиң! Кармашты. Качып кеттиңиз, балдар кууп, кармады.

Рахимжанов: Токтомадым…

Суроо: Кармалсаңыз, дагы кармалсаңыз эмне болосуз?

Рахимжанов: Болду эми. Машинаны алып кетти.

Суроо: Ыраазысызбы, аке?

Рахимжанов: А, болду, ыраазымын, болду.

Бирок колго азырынча чабактар гана түшүүдө. Чоң балыктар өз маселелерин такыр башка деңгээлде чечет. Кеп ошондо.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий