Башкаларга мыйзам менен тыюу салынган нерсеге Кумтөр уруксат алган

Мындан 2 күн мурда «Кумтор голд компаниге» тышкы башкаруучу болуп дайындалган Теңгиз Бөлтүрүктү канадалык «Центерра голд» компаниясы Онтарио штатынын сотуна берди. Буга чейин бизнес-омбудсмен тараптарды мунасага чакырган, Кыргызстандын өзүнүн ишкерлери дагы – иш сотко жетсе, Кыргызстан үчүн кыйын болот деп эскертип келген.

«Ушул арбитраждар азыркы учурда бизнес коомчулукту кооптондурбай койбойт, себеби ал арбитраж бүткүл биздин экономикабызга таасирин тийгизет. Биз сырттан каражат тарта албай калабыз өлкөбүзгө, ошол арбитраждын чыгашасына төлөш керек болот. Биздин салык төлөөчүлөрдүн эсебинен болот да», – деди 12-майда «Азаттыктын» программасында Эл аралык ишкер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков.

Катардагы салык төлөөчүлөр тууралуу ишкерлер тынчсызданганы жакшы, бирок бизнес үчүн алар, албетте, көбүрөөк тынчсызданат, анткени, негизинен, ошол салык төлөөчүлөрдүн эсебинен байыйт. Мамлекет болсо, катардагы салык төлөөчүлөр гана эмес, бизнестин эсебинен да байыйт жана ошол себептен ар түрдүү негизсиз текшерүү же башка басым уюштурулат жана кээде талаш-тартыштар сотко чейин жетет.

«Мамлекет өзүм билемдик кылбаш керек, ар нерсенин чеги болот. Ар бир ишкана кайсы бир чекке чейин гана чыдайт, андан кийин сотко берет. Биздин Кыргызстандын сотуна эмес, эл аралык арбитраждык сотко берет. Эл аралык ченемдер боюнча, инвестор дүйнөдөгү кайсы болбосун арбитраждык сотко кайрылып, өз инвестицияларын, капиталын, мүлкүн коргоого укуктуу», – деген 2013-жылдын ноябрында Bizеxpert аналитикалык борборунун аткаруучу директору Улук Кыдырбаев.

Бирок Кумтөр айланасындагы азыркы чатак мамлекеттин бизнеске болгон басымыбы? 1992-жылы эле канадалык компания Кыргызстан үчүн өтө деле пайдалуу эмес келишим таңуулаган. Кийин, 2003-жылы, өлкөнүн коррупциялашкан жетекчилиги менен кошо алар бул долбоорду Кыргызстан үчүн ого бетер пайдасыз кылып өзгөрткөн, кийин – дагы жана дагы. Биздин ишкерлер болсо такай – Кумтөргө тийбеш керек деп келген.

«Макродеңгээлде эмне болот? Республикабыз 25 жылга артка ыргытылат, бир дагы инвестор келбей калат, анткени улутташтырып, бирок акча төлөбөй койгондор менен эч ким иштебейт. Жеке менчик мүлктү сыйлаган жөнөкөй сезим болуш керек. Баары жөнөкөй», – деген 2015-жылдын мартына ал кезде «Кыргызалтындын» аткаруучу директору болгон Кылычбек Шакиров.

Баары жөнөкөй – бай бизнес өлкө жетекчилиги менен сүйлөшүп алып, мамлекетти жана анын катардагы салык төлөөчүлөрүн карактаган жана ар бир жолу улам жаңы схемалар ойлоп чыгарылып, алар мурунку келишимдерден алда канча жакшы деп даңазаланып келген. 2013-жылы өкмөт «Эки тарапка элүү пайыздан» деген орток ишкана ачууну пландаган жана андан жакшы эч нерсе жок деп элди ишендирген.

«Кумтөрдүн келечеги – ачыктык менен айкындыкта. Башка жол жок. Эч ким бизге андай мүмкүнчүлүк бербейт. Эми жабылып кала албайбыз. 2009-жылы реструктуризация болгондо, коом менен ким акылдашып-талкуулады эле? Эч ким анткен эмес. Биз бир да протоколду таппай койдук. Ошондуктан, революция болбосун деп, биз силер менен талкуулап жатабыз», – деп айткан 2013-жылдын сентябрында ткрлон ккомдук угууда ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев.

Дал ошол 2013-жылы Кыргызстандын Суу кодексине өзгөртүү киргизилип, анын 62-беренесинде – эч ким мөңгүлөрдүн эригенин ылдамдаткан же мөңгүдөн чыккан суунун булганышына алып келген аракет көрбөш керек деп жазылган, бирок ошол эле 62-беренеде – бул тыюунун Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүнө тиешеси жок деген кошумча кошулган. Мөңгүлөрдү жок кылууга канадалык компания мыйзам менен уруксат алган.

«Дүйнөдө мындай жок – мөңгүнү жок кылуу аркылуу кайсы бир кенди иштетет деген. Мындай нерсеге бүткүл дүйнөдө тыюу салынган. Кумтөрдү иштеткендер дагы башында ошондойго макул болгон – кордун жарымын, 330 тоннаны, ачык ыкма менен казып алабыз, калган 400 тоннаны болсо жер алдында шахта куруп, казабыз деп», – деп эскерткен 2015-жылдын июнунда Жогорку кеңештин мурдагы спикери Өмүрбек Текебаев.

Ошентип, Кыргызстандын 6 жарым миллион калкы бир тең, канадалык компания бир тең болуп калган. Кеп ошондо.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий