Белеков менен Алиева: ЖАГУда өтө опурталдуу абал түзүлдү

Жалал-Абад университетинин доценти Таалайбек Белеков жана ЖАГУнун Кочкор-Атадагы колледжинин ага окутуучусу Чолпонай Алиева: Жалал-Абад университетинин ректору болуп Кеңешбек Үсөнов дайындалгандан кийин университеттин жамааты бөлүнүп-жарылды, окутуучулар – ректорго жаккан жана жакпаган деген эки жаатка бөлүндү, жакпагандар ар башка куугунтукка алынууда.

Журналистика кафедрасынын башчысы студенттерге жардам берип, алардын контракт баасын төлөгөнгө спонсор таап берип келген, бирок ректор менен мамилеси жакшы болбогондуктан, жумуштан алынды, кийин болсо анын кафедрасы таптакыр таратылып жиберди. Ошол адистик менен окуган студенттер башка шаарларга жана ЖАГУнун башка факультеттерине которулууга аргасыз болду, бирок мурдагы контракттары күйүп кетип, алар кайрадан акча төлөп окуп жатат.

Чет мамлекеттерден келип окуган студенттер контракттары үчүн акча төлөсө дагы, ал университеттин казынасына түшпөй калган учурлар көп, бул маселе боюнча канча текшерүү болсо дагы, айрым кызматкерлер жазаланат, бирок ректорго карата эч кандай чара көрүлбөйт. Билим берүү министрлигине, өкмөткө жана президенттик аппаратка канча кат жызылып, канча кайрылуу болсо дагы абал көп жылдан бери өзгөрбөгөн абалда…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий