Бишкектин мэри болгондор кызматынан таза кетпейт

Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов кечээ күнү УКМКга суракка чакырылып, ошол жерде кармалды. 2018-жылы мэр болуп шайланган Суракматов бул кызматта 2 жыл 3 ай иштеген жана былтыр 20-октябрда эртең менен биринчи вице-мэр кылып Нариман Түлеевди дайындап, ошол эле күнү өзү кызматтан чегинип, ордуна Түлеевди калтырууга аракеттенген.

«Бизде көп план бар эле, бирок Нариман Ташболотович жетектеген команда анын баарын сөзсүз ишке ашырат, Нариман Ташболотовичтин өзүнүн да пландары болуш керек жана жаңы команда шаарды жакшыртат деп ишенем. Нариман Ташболотовичти куттуктап коёюн, биз тандем болуп 2008-жылдан 2010-жылга чейин чогуу иштегенбиз, байке мэр болчу, мен шаардык кеңештин төрагасы элем, ошондо мен байкеден көп нерсени үйрөнгөм», – деп айткан Суракматов 20-октябрда кызматынан кетип жатып.

Бирок рокировка ишке ашпай калган, анткени коомдук каршылык башталып, кийин дагы бир мэр келип, ал дагы ордунда бир эле күн отурду, андан соң Ысык-Көл губернаторлугунан кетүүгө аргасыз болгон Балбак Түлөбаев чакырылган, бирок ал дагы апрелдеги шайлоого 2 эле ай калганда кызаматтан кеткен. Мындай таза эмес оюндарга катышуу, албетте, Суракматовго кошумча аброй алып келген жок ко.

УКМК бүгүн Суракматовдун мүлкүн тизмелеп, сүрөттөрү менен кошо жарыялады. Буга чейин ушундай эле ыкма менен Жогорку соттун судьялары Камил Осмоналиев менен Дильфуза Боронбаеванын дагы мүлкү ачыкка чыккан, бирок мэрликке чейин Суракматов курулуш бизнесинде иштеген, ошондуктан анын ондогон үйү бар экенине таң калбаш керек эле. Бирок УКМК – мэр болгон кезде анын мүлкү эбегейсиз өскөн дейт.

Чоң шаарды башкарып, коррупцияга малынбай таза чыгып кетүү кыйын го – кайсы бир курулушка уруксат берүү эле бир топ тымызын акчага бааланат. Бирок ошону менен кошо шаар жана анын тургундары үчүн андан көп иш жасалса, таза эмес иштерге эл көзүн жумуп деле койот эле. Бирок маселе – жогорку кызматка келгендер убактысы менен күчүн коом үчүн эмес, өзү үчүн көбүрөөк жумшаганында жатат.

«Мына бул үй мыйзамсыз курулуп жатат, карагылачы. Иликтеп көргүлөчү, ушул «Заводской посёлок» деп аталган район деги эле чатак. Өткөн жолу мен келгенде, бул үйдүн биринчи кабатынын жарымы эле тургузулган. Мен райондук акимге тапшырма бергем, башкаларга дагы. Бирок, Бакыт Осмонович, карагылачы, булар азыр үстүн жаап атат. Куруп бүтөт, анан бул үйдү бузуш керек деген маселе чыгат. Ким уруксат берет, мен билбейм», – деген Суракматов 2018-жылдын октябрында.

Тапшырма берип коюп, бирок анын аткарылган-аткарылбаганын текшербеген жетекчи чыныгы жетекчи эмес ко. Кечээ күнү Аскерий прокуратурага мурдагы премьер Темир Сариев да чыкырылды. Кумтөр боюнча комиссия өз маалыматын жарыялап, бир кезде ушундай эле комиссияны Сариев жетектеп, көптөгөн мыйзам бузууларды таап, бирок кийин премьер болгондо ишти аягына чыгарган эмес дегенде, Сариев ага дароо жооп берген:

«Жанагы айтып аткан – эмне үчүн Сариев баягы 6 миллиард сомду өндүрүп алган жок деп атпайбы. Мен 2012-жылы министр экономики элем… Аны сотко бере турган атайын органдар бар. Атайын органдар бар. Экологиялык агенттик бар, жаратылышты коргоо агенттиги бар, мамлекеттик инспекция бар, мына ушулар бериш керек соткочу».

Кумтөр боюнча биринчи келишим түзүлгөн 1992-жылдан бери өлкөдө 25 премьер алмашыптыр, бирок алардын бири дагы – биринчи президент Аскар Акаев кетирген катаны оңдоого аракеттенген эмес, айрымдары болсо тескерисинче, биз эч качан Кумтөргө доомат койбойбуз деп мыйзамга да жаздыртып салган. Ал эми айрым эксперттер ошондой жетекчилерди – жапа чеккен эч ким жок эмеспи деп эмгиче коргоп келет.

«Мисалга, биздин улуу-урматтуу Аскар Акаевич айтып атпайбы – менде Кумтөрдүн бир дагы акциясы жок деп. Бирок алар болсо дагы, анын баары мурда эле сатылып кеткен, долларга сатылып, ал акчага башка бир актив сатып алынган. Анын үстүнө, андай иштин баары офшор аркылуу жасалат, кимдин пайдасына сатылып жатканын эч ким билбейт, издеп таап көргүлөчү. Таба албайсыңар», – дейт экономикалык коопсуздук боюнча эксперт Султанбай Айжигитов.

Өлкөнү башкарган кезде далилдин баарын жок кылып салып, анан өзүн сүттөн ак кылып көрсөтүү – биздин жалпы адат. Кеп ошондо.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий