Жакшы кошуна болуу дагы оңой иш эмес

Апрелдин аягында кошуна Тажикстан Кыргызстанга аскерий кол салгандан кийин, 5-май күнү бийлик Баткен губернатору Өмүрбек Суваналиевди полковник Абдикарим Алимбаевге алмаштырды. Ал бир кезде түштүктө чек арачы болуп кызмат өтөгөн, кийин Чек ара кызматын да жетектеген. Жумушка киришээри менен ал губернаторлукта эмгектенгендердин иш тартибин өзгөрттү:

«Биринчи эле күнү жыйын өткөргөндө айттым – өзүбүздүн биз, мекеме жетекчилери, иш тартибин өзгөртөлү деп. Обедке чейин кабинетте иштесек, обедден кийин жер-жерлерге чыгып иштейли деп… Айыл-айыл аралайбыз – электрик болобу, акча алган эмес, ошол электричестводон эмне маселеңиздер бар, ар бир үйгө кирип чыгат, мисал үчүн, паспортный стол болобу, үйдүн документтери эмне болот, Госрегистр, например, ошентип үй-үйүңүздү биз кыдырабыз».

28-апрелде чек арада чуу чыгып, эртеси аскерий кол салуу болоор алдында дагы Суваналиев – баары жайында болот, абал көзөмөл алдында деп келген. Анын айтымында, кошуна мамлекеттер ортосунда достук маанай өмүр сүрүш керек жана Суваналиев гана эмес, башкалар дагы кошуналар мамлекеттик чек араны бузуп кирип, бейкапар жаткан элге ок атып, алардын үйлөрүн гана эмес, аскерий бөлүк имараттарын да өрттөйт деп күткөн эмес, дейт ЖК депутаты Карамат Орозова.

«Кошуна тургандан кийин, кошунадан мындай абалда ушундай деңгээлде болот дегенине, может быть, биздин бийлик ишенбей турган чыгаар. Мен деле күткөн эмесмин, себеби ушунча кошуна жашаган адамдардан, дагы мындан ары дагы кошуна жашай турган адам мындай нерсеге барбаш керек эле да. Ошондуктан мындай даяркерчилик болгону тууралуу мурда маалымат түшкөн дейт, анан кийин, ал эми губернатордун маалыматын уксак, ал – биз билбейт элек дейт. Эми, чындыгына келгенде, жакшы иш болгон жок».

Мүмкүн, губернаторго – согуш даярдалып жатканы тууралуу маалымат чындап эле жеткен эмес, бирок ал өзү ошондой маалымат чогулткан кызмат түзүш керек эле. Дүйшөмбү шаарындагы элчилик дагы андай маалыматка ээ болбогон сыяктуу. Суваналиевдин айтымында, чек арада окоптор пайда болуптур деген кабар келген жана ал тууралуу ал тажик тарапка билдиргенде, беркилер Суваналиевди тынчытып койгон.

«Тыгыз иштейли, кошуна, достук деген теманын баарын унутуп коюшкан да. Бир-бирин эметип эле, анан жанагы контрабандисттерге эмени берип коюшту да, карт-бланшты… Мындай чоң жаңжал чыгып кетет деген информация жок болчу, көбү жөн эле жалган айтып атат – билчүбүз, тигиндей-мындай деп, анткени жанагы окопторду казып атканда, биз алардын баарын сүрөткө тартып, биз өзүбүз таратканбыз», – деп билдирди 17-май күнү «Азаттыкка» берген интервьюсунуда Суваналиев.

1999-жылы Бактен облусу түзүлгөндө биринчи губернатор болгон Мамат Айбалаев – ал кезде кошуна мамлекеттер ортосундагы мамиле чыныгы кошуналардыкындай болчу, облус губернаторлору бир-бирин колдоп турчу, бирок акыркы жылдары мамиле бир кыйла бузулуп кетти дейт. Кошуналар ортосундагы жакшы мамиле түзүү оңой иш эмес, ан үчүн бир топ аракет жумшаш керек жана өзүң дагы татыктуу болуш керексиң.

«Исфаранын сайында жаан жаап, тоо кулап, тосуп калды. Суу жыйылып жатат дегенде, мен Ферганага телефон чалдым Атабаевге – ушундай болуп жатыптыр, бизде вертолёт жок, вертолётуңар болсо, берип тургула десем, алардын МЧСи учуп келди вертолёту менен. Мен МЧСим менен кошо отуруп, барып көрдүк… Көрүп, анан түшүп, Ферганага келсек – чай ичиңиз, андай-мындай дейт, жок, мени жеткирип койгула, машинеде чай ичип, анан машине менен кетебиз десем, мени вертолёт менен жеткирип койду. Вот мамилебиз кандай», – деп эстейт Айбалаев.

29-апрелдеги согуш тууралуу кыргыз тарап катуу билдирүү жасаган жок, анткени мамилелердин келечеги тууралуу ойлонду, бирок Баш прокуратура айрым тажик жарандарына карата кылмыш иштерин козгоду. Баткен облусуна азыр өзгөчө макам берүү иштери жүрүп жатат, эң негизгиси болсо – жергиликтүү калк өз үйлөрүн сатып же такыр эле таштап салып, башка жакка көчүп кетип жатканын токтотуш керек.

«Дагы мындан кийинки мамилени бузуп албашыбыз керек. Ошон үчүн бардык нерсенин баары кайрылууда бизде сөзсүз дипломатиялык эрежени карманышыбыз керек баары бир. Ачууга алдырганыбыз менен болбойт, ошондуктан кайрылганда дагы, биздин кайта кийинки мамилебиз бузулбай турган болуш керек переговорлордо… Элдер ал жерден кетпеш керек, элдердин санын көтөрүшүбүз керек, Көтөрүш үчүн ал жерде социалдык инфраструктура, шарт түзүп бериш керек», – дейт депутат Карамат Орозова.

Жеке турмушун сонун кыла алган биздин жетекчилер элдин турмушун дагы ошенткенге жарай албайт экен. Кеп ошондо.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий