Жаңы президент жолубузду жарык кылсын… Өмүрбек Бабанов шайлоодо добуш берди

 

Өкмөттүн мурунку башчысы Өмүрбек Бабанов жарандык милдетин аткарды. Ал Бишкектеги №1216-шайлоо участкасында добуш берди.

Саясатчы 10-январды тарыхый күн деп атап, кыргызстандыктарды туура тандоого чакырды.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, Өмүрбек Бабанов шайлоо эл үчүн туура чечим кабыл алууга чыныгы мүмкүнчүлүк экендигин айтты.

Анын пикиринде, бул шайлоолор өзгөчө маанилүү, анткени өлкөнүн мындан аркы өнүгүшү жаңы президентке байланыштуу болот.

“Эл шайлаган президент жолубузду жарык кылып, өлкөбүздүн жашоосун жакшы жагына өзгөртө берсин”, – деди мурдагы чиновник.

1 КОММЕНТАРИЙ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий