Жети-Өгүздө 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Фото

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда жеңил унаалар сүзүшүп, үч киши көз жумду. Жол кырсыгы бүгүн, 8-июнь күнү, таңда саат 4:30 чамасында Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 178-чакырымындагы Даркан айылы жакта болгон. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, Ауди С4 менен BMW 525 автоунаалары сүзүшкөн. Кесепетинен биринчи унаадагы эки киши көз жумуп, бирөө жабыркаган. Экинчи автөкөлүктүн 21 жаштагы айдоочусу каза тапкан. Калгандарынын аты-жөнү, жашы такталып жатканы кабарланды.

Окуя болгон жерге төрт куткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөгүн укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен. Жабыркаган киши Тез жардам кызматы менен райондук ооруканага жеткирилгени айтылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий