Жогорку Кеңеш Бишкек шаарынын мэрин кызматтан кетишин талап кылды

Парламент Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу  Балбак Түлөбаев жана анын курулуш тармагы боюнча орун басарын кызматтан кетүүсүн талап кылды. Мындай чечим парламенттин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

Балбак Түлөбаев курулуш тармагындагы көйгөйлөр маселеси каралган комитеттин жыйынына катышкан жок. Депутаттар мэрия комитеттин отурумун үчүнчү жолу тоготпой жаткандыгын белгилешти.

«Бул саботаж. Эмне үчүн мэриядан бир дагы чиновник келген жок? Себеби муниципалитеттин жооптуу кызматкерлери түрмөдө отурушат. Төрт шаар мэрине курулуш тармагындагы мыйзам бузуулардан улам айып тагылды», – деди депутат Рыскелди Момбеков.

Комитет көпчүлүк добуш менен Балбак Түлөбаевди жана анын орун басарын кызматтан алуу боюнча сунушту өкмөткө жөнөттү.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий