Зулпукаровдун диплому тууралуу анын жактоочусу билдирүү таратты

Кумтөр” боюнча камакка алынган депутат Төрөбай Зулпукаровдун жасалма делген диплому боюнча анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

Ал жасалма диплом боюнча окуяны элдин көңүлүн башкага буруу үчүн уюштурулган дейт.

Төмөндө текст эч өзгөртүүсүз берилди.

Албетте, бул элдин көңүлүн абсурддук шек саноодон алаксытуу. Аны эмне үчүн УКМКнын СИЗОсуна отургузгандыгын, эмнеге шектелип жаткандыгын бирөө-жарым түшүндүбү? “Кумтөр” иши боюнча” деген өтө катуу сөздөр гана болгон, негизгиси карапайым калкка жагат. Бирок күмөн такыр башкача, атүгүл “Кумтөр” боюнча канадалык тарап менен түзүлгөн келишимдерге жакындабайт.

Ошондуктан жеке адамдар элдин көңүлүн башка жакка буруп, жасалма делген дипломго багыттоону көздөп жатышат.

Биринчиден, Зулпукаров өзү бул иш боюнча суракка алынган жок, экинчиден, ал жасалма документ жасады деп шектелип жаткан жок, анткени жүйөлүү шектенүүлөр жок жана Жогорку Кеңештин макулдугу талап кылынат.

Депутаттын жубайы тергөөчүнүн талабы боюнча аларга дипломдун түп нускасын өзү алып келип бергени, бирок кийинчерээк ал интернетке чыгып кеткени өзгөчө күлкүлүү.

Ушундан улам биздин коопсуздук кызматкерлер эмне кылып жатышат деген суроо пайда болот. Кылмыш ишин иликтеп жатышабы же депутатты тергөө абагында кармоо үчүн кандайдыр бир себептерди издөө менен алектенип жаптышабы? Же шайлоочулар алдында кадыр-баркын кетирүү мененби?”, – деп жазган Токтакунова.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий