Импорттолгон бир катар тоют азыктары кошумча нарк салыгынан бошотулду

Импорттолгон бир катар тоют азыктары кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, мал багуу менен алектенген субъектилерге колдоо көрсөтүү максатында айрым товарларга кошумча нарк салыгы нөл пайызга түшүрүлдү.

“2021-жылдын 15-июлунан 31-декабрына чейин тазаланбаган, майдаланган же майдаланбаган, жанчылган же жанчылбаган, пресстелген же гранул түрүндөгү саман жана дан өсүмдүктөрү, брюква, жалбырактуу кызылча, тоют тамыр өсүмдүктөрү, чөп, беде, кара беде, эспарцет, тоют капустасы, бөрү буурчак, жер буурчак, жүгөрү, арпа, сулу үчүн кошумча нарк салыгы алынбайт”, — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 1-июлунан 31-августка чейин ушул сыяктуу салык жеңилдиги кумшекерге, өсүмдүк майына, ал эми 1-июлдан 31-декабрга чейин жылкы, бодо мал, чочко, кой-эчки жана канаттуулар үчүн киргизилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий