Ошто каза болгон аялдын сөөгү кайра казылды

9-июлда каза болгон аялдын сөөгү кайра казылды. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма-сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, окуя Ош шаарында 8-июлдан 9-июлга караган тунү, саат 01:30дөр чамасында болгон. Анда милицияга 1988-жылы туулган аял асынып  өлгөнү тууралуу маалымат түшкөн.

“Аны өзүнүн кызы көрүп, туугандарына айткан. Туугандары аялды жиптен чечип алып, милиция чакырышкан. 9-июлда туугандары келип, эч кандай доомат жок экенин айтышып, аялдын  сөөгүн алып кетүүгө аракет кылышкан. Бирок милиция мыйзамдуу өкүл келмейинче бербейбиз деген. Кийин күйөөсү келип сөөктү алып кеткен. Ал соттук-медициналык экспертизадан өткөртүүдөн баш тарткан эле. Бирок 12-июлда күйөөсү кайра милицияга кат жазып, үйүндө ири суммадагы акча каражаты жоголгондугун, бирөө ал акчаны коротуп коюп, кийин аялымды коркутушу мүмкүн деген божомолун айткан”, – деди Сыдыков.

Мындан улам,  14-июлда аялдын денеси кайрадан казылып алынып, эксгумацияга берилди. Азырынча жыйынтыгы чыга элек. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Маркумдун артында үч баласы жетим калганы айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий