Канышай Мамыркулова: Оогандык кыргыздардын Тажикстанга кире качуусун “Кичи Үркүн” деп койсо болот

Кыргызстан Үрккөн 345 кыргызын кошунасынан сурап өткөрүп алалбаганы кейиштүү болду. Мындай пикирди журналист Канышай Мамыркулова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Оогандык кыргыздардын Тажикстанга кире качуусун “Кичи Үркүн” деп койсо болот. 1916-жылы Чоң Үркүндө качкан кыргызды кытай бийлиги кайра артка кайтарган эмес. 1932-жылы кичи Үркүндө Кытайга кире качкан кыргызды кытай бийлиги оруска берген эмес. Бир канча жолу Үркүн башынан өткөн кыргыз Эгемен мамлекетке ээ болгондон кийин үрккөн 345 кыргызын кошунасынан сурап өткөрүп алалбаганы кейиштүү болду.

Кыргызда “сурап аларың барбы?”, “сурап аларың жок” деген өтө жаман сөз бар. Оогандык кыргыздардын сурап алары жок экени билинди”, – дейт Мамыркулова.

Буга чейин Афганистанда жашаган 345 этникалык кыргыз талибдерден качып Тажикстандын аймагына киргени маалым болгон.

Тышкы иштер министрлиг Афганистандагы кырдаалдын курчушунан улам Тажикстанга өткөн Улуу жана Кичи Памир кыргыздарын Кыргызстанга алып келүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айткан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий