Каракол шаарындагы тез тамактануучу жайда газ баллону жарылып, жаш кыз каза тапты

Каракол шаарынын борборунда тез тамактануучу жайлардын биринде газ баллону жарылып кетти. Окуянын кесепетинен бир адам көз жумду. Бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасында Алена Хоменко аттуу колдонуучу билдирди. Ошондой эле ал окуя болгон жерге күбөлөрдүн кадрларын жарыялаган.

«Кимдир бирөөлөр үчүн шайлоо болуп жатса, а бизде кырсык болуп жатат. Каракол шаарынын борборунан өрт чыкты. Фаст-фуд ресторанында газ баллону жарылып, жаш кыз каза болду. Жеке бизнести текшерүүгө мораторийдин жыйынтыгы мына ушундай », – деп жазган Хоменко.

Бул маалыматты өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады. Горький көчөсүндөгү өрт тууралуу билдирүү саат 15.16да келип түшкөн, саат 15.42де өрт толугу менен өчүрүлгөн.

«Жарылуудан улам 20 жаштагы кыз каза болду. Дагы алты адам күйүк жана ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Алардын бардыгы тез жардам аркылуу шаардык ооруканага жеткирилген. Окуя боюнча тергөө иштери башталды », – деп билдиришти  өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

Эске салсак, 4-январда ушундай эле окуя Талас облусунда катталган. Фаст-фуддагы жарылуудан 11 адам жаракат алып, 32 жаштагы аялдын денесинин 82 пайызы күйүп калган.

1 КОММЕНТАРИЙ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Жаңылыктар

Комментарий